Бишкекте айдоочулар жол кирени 20 сомго көтөрүүнү сунуштап жатышат
Бөлүшүү:
Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары жол кирени 20 сомго көтөрүүнү сунуштап жатышат. Бул тууралуу «Альянс БУС» ишканасынын өкүлү Григорий Николаидинин сөзүнө шилтеме бери “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, пандемия учурунда коомдук унаалардын айдоочулары чыгымга учурап жатышат.
«Унаалар бош болуп, орундардын 70-80 пайызы гана толушу керек. Бул чыгымдарды актабайт. Андыктан азыр өзгөчө кырдаал убагында жол кирени көтөрүп турса. Жүргүнчүлөр 20 сом үчүн олтуруп барууга даяр», — дейт ал.
Григорий Николаиди сунушу менен республикалык штабка кайрылаарын кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ajdoochular-zhol-kireni-20-somgo-ktrn-sunushtap-zhatyshat
Добавить комментарий ×