Бишкекте айдоочу инспекторго атырылып, ага кол көтөрдү – видео
Бөлүшүү:
Бишкектеги Манас проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу жол кыймылын жөнгө салып жаткан инспекторго кол көтөрдү. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап жатат. Айрым маалыматтар боюнча окуя 5-февралда болгон.
Видеодо айдоочу инспекторго чуркап келип, бир нерселерди айтып, колун жаңсап жатканын көрүүгө болот. Бир маалда ал инспекторго тап берип, аны менен жулкулдашкан. Бул учурда башка айдоочулар сигнал басып аларды токтотууга аракет кылган.
Андан кийин ал машинасына отуруп, инспектордун жанынан катуу айдап кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ajdoochu-inspektorgo-atyrylyp-aga-kol-ktrd-video
Добавить комментарий ×