Бишкекте 96 адис коронавирусту аныктоо боюнча окуудан өттү
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) улуттук өнөктөштөр менен биргеликте лабораториялык адистер үчүн Кыргызстанда COVID-19 коронавирус инфекциясын диагностикалоо боюнча дистанттык окутууларды өткөрдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык коронавирус инфекциясын лабораториялык диагностикалоо боюнча 96 лабораториялык адисти дистанттык окутуу цикли аяктады. Бул дистанттык окутууга бүткүл өлкө боюнча полимераздык чынжырдуу реакция (ПЧР) техникасын билген адистер тартылды, анын ичинде Улуттук фтизиатрия борборунан, СПИД борборунан, Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунан, Бишкек щаарынын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунан жана жеке лабораториялардын адистери катышты.
Тренингдердин негизги максаты лабораториялык адистерди лабораториялык шартта жана өзгөчө кооптуу материалдар менен иштөөдө биокоопсуздуктун негиздерине окутуу болуп эсептелет. Октууга катышкандарга ДУС тарабынан даярдалган биокоопсуздуктун негиздери жана COVID-19га полимераздык чынжырдуу реакция менен изилдөө жүргүзүү, анализдин үлгүлөрүн чогултуу, ташып жеткирүү жана андан ары изилдөө жүргүзүү үчүн иштеп чыгуу боюнча окутуучу видеороликтер көрсөтүлдү.
Дистанттык окутуунун жүрүшүндө ПЧР изилдөөлөрдүн негиздери, COVID-19 илдетин диагностикалоо боюнча лабораториялардын ишмердигин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук документтер көрсөтүлдү. Ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн Кыргызстандагы COVID-19 боюнча окуу материалдары жана программалар кайра каралып чыкты
Март айында интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнөн, Республикалык инфекциялык ооруканадан, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү борборлорунан жана 2 аскер госпиталынан 310дон ашык медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтаптарды клиникалык дарылоо боюнча эки күндүк адистештирилген окутуудан өтүштү.
ДСУ COVID-19га тестирлөө үчүн Кыргызстандын ПЧР лабораториялары үчүн зарыл болгон чыгымдоочу материалдарды тез арада сатып алууну пландаштырууда, жана жакынкы күндөрү Кыргызстандагы коронавирусту тастыктоо жана филогенетикалык анализ жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Англиядагы аймактык референс лабораториясына COVID-19 экендиги аныкталган үлгүлөрдү ташып жеткирүүнү уюштурат.
Кошумча маалымат:
Мындай жардам өкмөттүн өтүнүчү менен 2020-жылдын 16-мартында ишке киргизилген Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун (ӨКЖКТ) гуманитардык жооп кайтаруу боюнча биргелешкен чараларынын алкагында өзгөчө кырдаалдарга даяр турууну жана COVID-19 илдетине жооп кайтарууну камсыздоо жана эртелеп калыбына келтирүүгө даярдык көрүү максатында көрсөтүлүүдө.
БУУнун Туруктуу координатору жетекчилик кылган ӨКЖКТ эртелеп калыбына келтирүү, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана логистика, саламаттык сактоо, коргоо, суу санитариясы жана гигиена жана азык-түлүккө кирбеген товарлар боюнча биргелешкен тармак боюнча алты артыкчылыктуу багытка биринчи кезекте көңүл бурат жана колдоого алат. ӨКЖКТ 2008-жылы түзүлгөн, анын ведомстволор аралык командалары министрликтердин, БУУ мекемелеринин, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн жана донорлор коомчулугунун өкүлдөрүн камтыйт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-96-laboratoriyalyk-adisti-distanttyk-okutuu-cikli-ayaktady
Добавить комментарий ×