Бишкекте 6 жашар бала 3-кабаттан кулап кетти
Бишкек шаарында 6 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан терезеден кулап кеткен. Бул тууралуу №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков “Барометрге” маалыматты тастыктады.
Маалым болгондой, окуя бүгүн, 2-апрелде 10:00 дор чамасында Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
“Бала 3-кабаттан кулап кетиптир. Бизге саат 12:00го жакын келип түштү. Азырынча жандандыруу бөлөмүндө жатат. Ага баш мээсинин чайкалышы жана ичтин жабык жабыркашы деген диагноз коюлган. Ал эми, баланын колу-буту таза, эч жери сынган эмес”, - деди дарыгер.
Дарыгердин айтымында, баланын акыбалы турукташса, эртеңден тарта палатага которулат.
Эске сала кетсек, акыркы 10-күн аралыгында Кыргызстанда жаш балдардын көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетиши ушуну менен экинчи жолу катталып жатат. Буга чейин Бишкектин Чүй проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан эки жашар кыз кулап кеткени маалым болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-6-zhashar-bala-3-kabattan-kulap-ketti
Добавить комментарий ×