Бишкекте 42 адам тамак-ашка ууланды

25 август 2018 15:40 1186 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 42 адам тамак-ашка ууланды. Бул тууралуу  Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананадан массалык маалымат каражаттарына билдиришти.   

Маалым болгондой, уулангандардын абалы оор эмес. Биринчи жардам берилгенден кийин 40 киши үйүнө жиберилди, эки киши бейтапканага жаткырылды. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми айрым маалыматтар боюнча  массалык уулануу мордо калаадагы мейманкалардын биринде болгон.  Учурда санитардык-эпидемиологиялык кызматтар тийиштүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Уулануунун себептери айтыла элек.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-42-adam-tamak-ashka-uulandy



Добавить комментарий