Бишкекте 25 жылга чейин ипотекага бериле турган үйлөр эмки жылы июль айларында бүтүп калат
Бөлүшүү:
Бишкекте ипотекалык негизде бериле турган үйлөр эмки жылдын июль айында бүтүп калат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында ипотекалык негизде бериле турган турак жайлардын курулуш иши кызуу жүрүп жатат.
“Ордо калаада 1500 батирлүү көп кабаттуу үйлөр салынууда. Учурда котлованы казылып, бетондоо иштери жүрүүдө. Батирлер кийинки жылдын июнь-июлунда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу тапшырылып, 4% менен 20-25 жылдык мөөнөткө берилет”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×