Бишкекте 24 жаштагы дайынсыз жоголгон жигиттин байкеси маалымат берди. Жакындары жардам сурайт

29 январь 2019 11:19 1253 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Интернет булактарына 24 жаштагы жигиттин дайынсыз жоголгондугу тууралуу мааалымат тарады. Жигиттин жакындары көпчүлүктүн жардам берүүсүн суранышууда.

Бул маалыматты тактоо иретинде жоголгон жигиттин бир тууган байкеси Кубан мырзага байланышка чыкканыбызда ал иниси тууралуу айтып берди. Ал:

"Инимдин аты Алиаскар. 24 жашта. Аны акыркы жолу "Народный" жактан өткөн ишемби күнү көрүшүптүр. Барып жашыруун камераларга түшүп калгандыгын көрдүк. Азырынча жакшы эле ойлорду ойлоп жатабыз. Балким баарынан эс алайын деп жүрөт деген ойлор болуп жатат. Иним өзү жогорку билимдүү, оор басырыктуу, Бишкекте мамлекеттик кызматта туруктуу жумушу бар жигит. Азыр милиция кызматкерлери да издеп жатышат. Көргөн билгендер болсо чалып кабарлап коюштарын суранабыз", -деп айтып берди.

Алиаскарды көргөн билгендер болсо төмөндөгү номурларга байланышып кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-24-zhashtagy-dajynsyz-zhogolgon-zhigittin-bajkesi-maalymat-berdi-zhakyndary-zhardam-surajt



Добавить комментарий