Бишкекте 21 жаштагы Калия бир жылдан бери дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкек шаарындагы Ленин районун милиция кызматкерлери тарабынан бир жылдан бери дайынсыз жоголгон Калия Калеева изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы 14-октябрда К.Ч. арызы менен кайрылып, анын кызы 2000-жылы туулган Калеева Калияны издөөгө жардам берүүнү өтүнгөн.
Ал 2020-жылы 19-сентябрда “Ала-Тоо” конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Азыркы учурда жоголгон кыздын жүргөн жери белгисиз.
Аталган факт Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Белгилери: бою болжол менен 173-175 см, чачы кара, көзү күрөң, мурду түз.
Кийими: мезгилге ылайык кийинген.
Эгер сиздер жоголгон кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңидер төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюушуңуздарды суранабыз: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(553) 102-465, 0(703) 401-600, 0 (705) 450-553 жана 102
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-21-zhashtagy-kaliya-bir-zhyldan-beri-dajynsyz-bolup-izdeld
Добавить комментарий ×