Коменданттык саатты республика боюнча канча жаран бузду? Сандар

26 март 2020 10:30 1068 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде, тактап айтканда, кечки саат 20.00дөн эртең мененки саат 07.00гө чейинки убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 320 жаран жеткирилди, 9 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 193, Ош шаары боюнча - 25, Жалал-Абад шаары - 10, Сузак району боюнча - 26, Ноокат району боюнча - 11 жана Кара-Суу районунда - 55. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде  каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-193-zharan-karmaldy-komendanttyk-saattyn-ichinde



Добавить комментарий