Бишкекте 18 жаштагы Альбина Бапиева дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкек шаарынын 2003-жылы туулган Альбина Бапиева аттуу тургуну изделүүдө. Бул тууралуу "Барометрге" кыздын жакындары кабарлашты.
Маалым болгондой, Альбина кечээ, 8-апрелде эртең менен сатт 8:00дордо үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Альбинанын эжеси сиңдисинин дайынсыз болуп жатканы тууралуу милицияга да кабарланын айтты.
Белгилери: бою 165 см, арык, чачы күрөң түстө узун.
Кийген кийимдери: кызыл күрмө, кара шым, кара бут кийим, кара рюкзак.
Альбинанын жүргөн жери жөнүндө маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу билдирип коюушуңуздарды өтүнөт: 0555 230 490; 0755 07 47 20
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-18-zhashtagy-albina-bapieva-dajynsyz-bolup-izdeld
Добавить комментарий ×