Бишкекке Түркиядан кыргыз жарандары кайтып келди
Бишкекке Түркиядан 326 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
8-июлда Кыргызстанга Түркиядан 326 кыргыз жараны кайтып келди, аларды ичинде жаш балдар да бар.
Алар «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча чартердик каттамы менен учуп келишти, бул рейс Түркиядан кыргыз жарандарын жана Кыргызстандан Түркиянын жарандарын алып чыгарып кетүү үчүн уюштурулган.
Белгилей кетсек, Түркия тарабынан эл аралык авиабилдирүүлөрдүн кайра жанданышына жана чет элдик жарандардын кирүүсүнө болгон чектөөнүн жокко чыгарылышына байланыштуу, бул каттам менен Малайзия, Түндүк Кипр, Израиль, Болгария, Канада жана Европа, Азия жана Африканын башка өлкөлөрүнөн биздин жарандарды Кыргызстанга кайтаруу мүмкүн болду, аларды чыгарып кетүү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү киргизген чектөөлөрдөн улам көп убакытка чейин логистикалык каттам уюштуруу кыйынга туруп келген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-trkiyadan-kyrgyz-zharandary-kajtyp-keldi
Добавить комментарий ×