Бишкекке Түркиядан 1000 кычкылтек концентратору келди

6 июль 2020 11:49 980 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекке Түркиядан 1 000 даана кычкылтек концентратору алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, бул аппараттарды Түркиянын КРдеги элчилиги, Кыргызстанда иштеген түрк бизнесмендеринин ассоциациясы жана Түркиядан билим алган кыргызстандыктар, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес коомчулугу алып берген. Бул жүк кечээ, 5-июлда, Бишкек шаарына учак менен алып келинген.

“Жабдуулардын белгилүү бир бөлүгү Түркия тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берилет. Калганын аппаратка муктаж болуп жаткан үй-бүлөлөргө жеткирилет”, — деп айтылат малыматта.

 




Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-trkiyadan-1000-kychkyltek-koncentratoru-keldi



Добавить комментарий