Бишкекке Москвадан Кыргызстандын 450 жараны кайтып келди

26 май 2020 19:00 1280 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанга 26-майда “Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва-Бишкек каттамы боюнча учагы учуп келди, мында Россиядан 450 КР жараны кайтарылды.

Рейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Мекенине кайтууну каалагандардын саны көп болгондуктан, бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын Комиссия тарабынан түзүлдү, ага кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Москва ш. медициналык клиникалардын кыргыз дарыгерлери жана КРдин РФтеги Элчилигинин өкүлдөрү кирген.

Тандоо жарандардын жеке арыздардын негизинде жүрдү, ага кеч мөөнөттөгү кош бойлуулар, ошондой эле кичүү курактагы балдары барлар кирген. Ошондой эле көрсөтүлгөн жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам ишке ашпай калган “Аэрофлот” компаниясынын рейстерине буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жоктугу да эске алынган.

Учурда бардык келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет өлкөлөрдө турган жана мекенине кайтууну каалаган КР жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-moskvadan-kyrgyzstandyn-450-zharany-kajtyp-keldi



Добавить комментарий