Бишкекке Европадан 164 кыргыз жараны кайтарылды
Бишкекке Минсктен 164 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
«Манас» эл аралык аэропорту бүгүн, 13 июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды.
Мекенине Беларусь Республикасынан 164 кыргыз жараны кайтып келди.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси КРнын Улуу Британиядагы элчилиги тарабынан КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен Европа жана башка өлкөлөрдөн кыргыз жарандарын Кыргызстанга кайтаруу максатында түзүлгөн.
Бул каттам менен Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Минскке каттаган үзгүлтүксүз каттамда Австрия, Беларусь, Бельгия, Улуу Британия, Германия, Греция, Италия, Литва, Польша, Украина, Франция, Филиппин, Норвегия, Швецария, Швеция, Түштүк Африкадан студенттер келишти.
Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-minskten-164-kyrgyz-zharandary-keldi
Добавить комментарий ×