Бишкекке газ менен жүргөн жаңы автобустардын биринчи партиясы келди
Бишкекке газ менен жүргөн 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Белгилей кетсек, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жүрөт.
Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адам үчүн орундук.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.
Жакында борборго дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-gaz-menen-zhrgn-zhay-avtobustardyn-birinchi-partiyasy-keldi
Добавить комментарий ×