Бишкекке Дүйнөнүн жана Олимпиаданын жеңүүчүлөрү баштаган 500 спортчу келди

1 июнь 2023 14:17 848 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Рейтингдик турнирге Бишкекке ар кайсы өлкөлөрдөн 500дөн ашык спортчу келди. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, алардын арасында дүйнө чемпиондору бар.

Спортчулар 1-4-июнь күндөрү Бишкекте өтө турган күрөш боюнча мелдешке келишкен. 

Грек-рим күрөшү боюнча:

2019-жылы Дүйнө жана Европа чемпиону болгон Грузиялык балбан Нугзари Цурцумия (55 кг).

Придон Абуладзе (60 кг) Грузия;

Сайлаки Валихан (67 кг) Кытай, 2018-жылы Дүйнөнүн коло медалынын ээси, 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпияда оюндарынын коло медалынын ээси. 

Ромаз Заидзе (72 кг) - Грузия, Европанын, Дүйнөнүн жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 

Мохамад реза Гераи (72 кг) Иран, Дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону.

Луис Орта (67 кг) Куба, 2020-жылы Токио Олимпиадасынын жеңүүчүсү. 

Эркин күрөш:

Алиабас Рзаззаде (57 кг) Азербайджан, Европанын жана Дүйнөнүн чемпиону. 

Сулейман Атлы (57 кг) Турция, Европанын эки жолку жана Дүйнөнүн чемпиону. 

Гаджи Алиев (65 кг) -Азербайджан, Дүйнөнүн 3 жолку , Европанын 4 жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш, Рио-де-Жанейро Олимпиадасынын коло медалынын ээси. 

Аялдар арасындагы күрөш :

Эльмира Сыздыкова (76 кг) Казахстан, Жайкы Олимпиада оюундарынын жеңүүчүсү.

Илона Прокопевнюк (62 кг)- Украина, Дүйнөнүн жана Европанын чемпиону.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-djnnn-zhana-olimpiadanyn-zhechlr-bashtagan-500-sportchu-keldi



Добавить комментарий