Бишкекке 300 кычкылтек концентратору жана 2000 пульсоксиметр келди (Сүрөт)
Бишкек шаарына 300 даана кычкылтек концентратору жана 2000 пульсоксиметр алып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Маалыматка ылайык, буга чейин 700 кычкылтек концентратору сатып алынган.
"Мобилдик кычкылтек концентраторлору коронавирусту жуктуруп, дарты күчөп кеткен бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет. Мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн ар тараптан бардык күч-аракеттер жумшалууда", — деди Исмаилова.
Кычкылтек концентраторлору өлкөнүн аймагындагы медицина мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-300-kychkyltek-koncentratoru-zhana-2000-pulsoksimetr-keldi-srt
Добавить комментарий ×