Бишкек ЖЭБде авария болуп, үч адам жабыркады

2 февраль 2024 09:34 1220 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык ЖЭБде авария болуп, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү

“2-февраль таңкы саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алынып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери авариялык  абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.

Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.

Урматтуу шаардыктар, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алыңыздар”, -деп жазылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-zhebde-avariya-bolup-ch-adam-zhabyrkady



Добавить комментарий