Бишкекке өзгөчө абал киргизилгенден бери жасалма өткөрмө кагазын колдонгон 52 факты аныкталды
Бөлүшүү:
Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилгенден бери ары-бери эркин каттоо үчүн жасалма өткөрүү кагаздарын колдонгондор аныкталууда.
“ӨА режими киргенден бери Бишкекте жасалма өткөрмө кагаздар боюнча 52 факт катталды. Бул маселе биздин тыкыр көзөмөлүбүздө турат”, - деди ңБишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.
Эске салсак, Бишкек шаарында 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизилген. Бул режим апрель айынын аягына чейин узартылып, президенттин тийиштүү жарлыгын парламент бекитип берди.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 466 кишиге жукканы ырасталды.
Добавить комментарий ×