Бишкек шарынын экс-вице-мэри Азизбек Алымкуловго айып пул салынды
Бишкек шарынын экс-вице-мэри Азизбек Алымкуловго 260 000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 26-майындагы өкүмүнө ылайык, Бишкек шарынын экс-вице-мэри Азизбек Алымкулов КРнын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле, ага карата 2600 (эки мин алты жуз) эсептик көрсөткүч, башкача айтканда мамлекеттин пайдасына 260 000 сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди”,- деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Азиз Алымкулов 2019-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалып, эки жылдан кийин - 2021-жылы февралда бул кызматтан алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-sharynyn-eks-vice-meri-azizbek-alymkulovgo-ajyp-pul-salyndy
Добавить комментарий ×