Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери кармалды

12 февраль 2021 15:06 831 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын  кызматкери  кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бул тууралуу ИММдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматта, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы айтылат. Болжолдуу алдын ала маалымат боюнча мамлекетке 1 120 000 сомдук зыян келтирилген. 

"Бул факты боюнча жүргүзүлгөн  сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Т.Н. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда аныкталган факты боюнча иликтөөнү ИИМ жүргүзүп жатат", - деп айтылат маалыматта..

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-meriyasynyn-municipaldyk-mlk-bashkarmalygynyn-kyzmatkeri-karmaldy



Добавить комментарий