Бишкек шаарынын казысы: Орозо айында ар бир амалга миң, он миң, жүз миң сооп берилет

24 апрель 2020 17:30 1483 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов жалпы мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Ал Орозо айы чындыгында мусулманар үчүн Алла Таала тарабынан берилген чоң бир мүмкүнчүлүк болуп эсептелерин айтты. 

"Бул жашоодо ар бир нерсенин убактысы болот. Мисалы эрте жаз келгенде эгин-тегин, урук көчөттөрдү тигүүнүн мезгили, андан кийин жер-жемиштер мөмөсү байланган убак, төрт мезгилге жараша өзүнүн убагы болот. Дал ушул сыяктуу эле бул дүйнө акыреттин эгин талаасы болуп эсептелет. Рамазан айында Алла Таала сооптуу амалдарды бир нече эселеп сообун берет. Башкача айтканда Рамазан айы сооп табуунун, акыретке иштөөнүн убагы. Себеби башка айларда бир, он, жүз сооп бериле турган болсо, Рамазан айында ар бир амалга миң, он миң, жүз миң сооп берилет. Кадыр кечесинде жетише ала  турган соопту кадимки күндөрү сексен жылдан ашык жашап араң табууга болот", - деди ал.

Ошондуктан ушундай мүмкүнчүлуктү колдон чыгарбай, колдон келген аракеттерди жасоо керек.

"Эли-жерибизге, мусулман бир туугандарыбызга дуба кылалы. Аны менен катар Орозо айы Куран айы деп айтылат. Бул айда көп көп Куран окуйлу, жүрөктөрүбүз нурданган болсун. Шартка жараша баарыбыз үйдө болуп жатабыз. Андыктан бул да болсо Куран окууга берилген мүмкүнчүлүк деп Куран окууну бекемдейли. Андан ары башка айларда да окууну өнөкөт кылып алалы. Баарыңыздардын Ыйык Рамазан айыңыздар менен куттуктаймын. Бул ай жан дүйнөңүзгө байлык алып келген болсун!" - деди Бишкек шаарынын казысы.

Эске салсак, Кыргызстанда 24-апрелден тарта Орозо башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-kazysy-sadridin-azhy-madzhitov-zhalpy-musulmandardy-ramazan-ajy-menen-kuttuktoosu



Добавить комментарий