Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү дезинфекцияланууда – видео
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү дезинфекцияланууда. Атап айтканда Киев көчөсүнүн Тыныстанов менен Эркиндик бульварына чейинки аралыгында атайын кызматкерлер иш алып барды.
Окуянын видеосун күбө тартып алган.
Анда атайын коргоочу кийимдерди кийген кызматкерлер киши баса турчу тротуарлар менен аялдамага дары чачып жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, 25-марттан тарта Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилип, коомдук транспорттун каттоосу токтотулду. Ошондой эле, коменданттык саат киргизилди.
Коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб элди өтө зарыл муктаждыгы жок болсо сыртка чыкпай турууну суранат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-borborduk-blg-dezinfekciyalanuuda-video
Добавить комментарий ×