Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри камакка алынды

10 июль 2018 02:40 931 Каныкей Шаршенбаева
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаанын биринчи вице-мэри Ренат Макенов камакка алынды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы жарыялады. Билдирүүгө таянсак, ага кылмыш-жаза кодексинин 303- беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айып тагылып жатат.

Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Ренат Макенов тергөө иши аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылат.

“Ренат Макенов Бишкек шаардык мэриясынын башка чиновниктери менен бирге борбор калаанын Түштүк аймагында жайгашкан 3,5 гектар аянттагы жер участогун жеке тарапка колдонууга берген”,- деп айтылат билдирүүдө. Учурда бул факты боюнча иликтөө жүруп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-birinchi-vice-meri-kamakka-alyndy



Добавить комментарий