Бишкек шаарынын базарындагы тажик жарандарынын согушу ѳлүм менен аяктады

13 ноябрь 2019 12:49 2854 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы «Кербен» базарында Тажикстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 12-ноябрда эртең менен И.И. жана Х.А. аттуу тажикстандык жарандар муштуаша кеткен. Анын кесепетинен И.И. Х.А. аттуу жарандын төшүнө бычак сайып салган. Оор жаракат алган жабырлануучу окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берененин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ал жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-bazaryndagy-tazhik-zharandarynyn-sogushu-lm-menen-ayaktady



Добавить комментарий