Ызгаар суук: Бишкекте үй-жайсыз жарандар баш калкалоочу жайлардын даректери

10 январь 2023 11:50 625 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аба-ырайынын кескин төмөндөшүнөн улам үй-жайсыз жарандарга убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылат.

Октябрь районунда баш калкалоочу жай 60 орунга ылайыкталган.   
Ошондой эле, 12 кичирайонундагы А.Токонбаев көчөсүндөгү  №1а дарегинде да убактылуу баш калкалоочу жай ачылды.  

Баш калкалоочу жайга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: 511938, 0708880218 .   

Свердлов районунда Фере көчөсүндө  34a дарегинде 40 кишиге ылайыкталган баш калкалоочу жай ачылды. Сурап билүү телефону: 360335, 0706 168877.    

Ленин районунун аймагында Эмгекчил көчөсү  №10 дарегинде, «Кайрымдуулук борбору» коомдук фонду туруктуу негизде иш алып барат, ал оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу аялдарды убактылуу жайгаштыруу менен камсыз кылат.        
Сурап билуу телефондору: 644871, 0550 546622 - Роза Казиевна.        

Белгилей кетсек, туруктуу жашаган жери жок адамдар баш калкалоочу жайларга өз алдынча кайрыла алышат, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы тарабынан жеткирилет. Кайрылгандар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат.         

Коопсуздук үчүн милиция кызматкери ар дайым нөөмөттө болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары керектүү медициналык жардамдарды системалуу түрдө көрсөтүп турушат.         

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Жардамга муктаж селсаяктарды көрсөңүздөр: 102, тез жардам үчүн: 103 телефондору боюнча полицияга чалып коюушуңузду мэрия өтүнөт.          

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-turuktuu-zhashagan-zheri-zhok-adamdar-chn-ubaktyluu-bash-kalkaloochu-zhajlar-achylat



Добавить комментарий