Бишкек шаарында маршруттук таксилердин жол кире акысы 15 сомго көтөрүлүшү мүмкүн
Бишкек шаарында маршруттук таксилердин жол кире акысы 15 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү макулдаштык. Бирок, тиешелүү сунушту мен Экономика министрлигине жөнөтөм. Алар баарын анализдеп, карап чыгып, анан бул маселеге чекит коюшат.
Албетте, маршруттук таксилердин айдоочуларын да түшүнсө болот. Азыр баары кымбаттады, алар да бала-чака багышы керек”, - деди Түлөбаев.
Ошону менен катары эле, маршруттук таксилерди ижарага берип иштеген компаниялар эле ортодон пайда көрүп жатат, аларга карата чара көрбөйсүзбү деген журналисттердин суроосуна да жооп берди.
“Ооба мен чара көрүп жазалай алам. Бирок, учурда элди тейлеп жаткан 1 500 маршрут эртең жумушка чыкпай койсо эмне кылабыз. Анда ачык эле айтып койоюн мен элди ташый албай калам. Ошондуктан, баардык нерсени эки тараптуу караш керек”. – деп кошумчалады ал.
Эске сала кетсек, кечээ, 18-январда борбор калаада айрым коомдук транспорттун айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган. Бүгүн бул маселе боюнча коомдук транспорттун айдоочулары шаар мэринин милдетин Балбак Түлөбаев менен жолугушуу үчүн Октябрь райондук акимчилигинин алдына чогулушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-koomduk-transporttun-zhol-kire-akysy-15-somgo-ktrlsh-mmkn
Добавить комментарий ×