Бишкек шаарында коменданттык саатты 14 аял бузган
Бөлүшүү:
25-мартта саат 20:00дөн 26-марттын 7:00гө карата болгон коменданттык саатты Бишкек шаары боюнча режимди 195 киши бузганы аныктылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, кармалгандардын 163ү эркектер болсо, 14ү аялдар. Андан сырткары жашы жете элек 6 өспүрүм аныкталды.
Орозалиев коменданттык режимди бузгандардын арасында чет элдик 18 киши бар экенин кошумчалады. Алардын көбү Индия менен Пакистандан келген студенттер.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-komendanttyk-saatty-14-ayal-buzgan
Добавить комментарий ×