Бишкек шаарында кайрадан мэр алмашты. Мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткарат
Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын мэринин милдетин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр» билдирет..
«Шаардагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча чечимди кечээ Координациялык кеңеш кабыл алып, Алмаз Бакетаев аны менен макул болгон», -деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кече, 6-октябрда Азиз Суракматов кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазган. Жоошбек Коеналиев өзүн Эл мэри деп жарыялап, ал тургай Ак үйдүн айланасындагы тосмону бузуу боюнча буйрук чыгарганга жетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-kajradan-mer-almashty-merdin-mildetin-almaz-baketaev-atkarat
Добавить комментарий ×