Бишкектин 14 080 (м2) жери дезинфекциядан өттү

30 июнь 2020 10:53 722 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Эркиндик бульварынан баштап Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнө чейинки 14 080 (м2) чарчы метри дезинфекцияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып «Барометр” билдирет.

Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов районунун ӨКМдин бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коронавирус илдетин алдын алуу максатында түзүлгөн иш-мерчеминин негизинде Эркиндик бульварынан баштап Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнө чейин эл көп чогулуучу жайларда, банк, аптека, аялдамаларда, жер өткөөлдө, ири соода борбордордун алдында жана ошондой эле Орозбекова көчөсүндө жайгашкан Эталон-Строй, Көк-Сай, Айдин, Шар-Чебер жана Арпа кичи базарларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, жалпы аянты 14080 (м2) чарчы метрди түздү.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Орто-Сай базарында жана айланасында жайгашкан соода түйүндөрдө, дүкөндөрдө, аялдамаларда жөө кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы аянты 6700 (м2) чарчы метрди түздү.

Дезинфекциялоо иш-чаралары мындан ары да уланат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-dezinfekciyaloo-ishteri-ulanuuda



Добавить комментарий