“Дордой” базарына жаңы келген автобустар киргизилип, элге кызмат кыла баштайт

16 октябрь 2023 17:26 1224 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дордой базарына жаңы ыңгайлуу автобустарды киргизүү каралууда. Бул тууралуу мериянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Буга чейин, Дордой базарына Транспорт департаментинин директорунун орун басары Алмаз  Алымбеков жол инфратүзүмүн баалоо жана коомдук транспортту ишке киргизүүгө даярдык көрүү максатында “БЖАИ” МИнин директору Бакыт Темикеев, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен комиссиялык чыгуу уюштурган.

«Комиссия коомдук транспорттун ийгиликтүү иштеши үчүн жол инфратүзүмүн оптималдаштыруу максатында базардын аймагына деталдуу талдоо жүргүздү.

Жыйынтыгында ички жолдорду кеңейтүү, ошондой эле   жол жээгинде кыймылды олуттуу чектеген жана транспорт каражаттарынын кыймылын кыйындаткан унаа токтотуучу жайларды алып салуу, милдеттүү жол белгилерин орнотуу жана бардык уруксатсыз азык-түлүк сатылган соода түйүндөрүн жоюу сыяктуу маанилүү милдеттер белгиленди.

Транспорт департаменти шаардыктарга коомдук транспорт жаатында ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иштерди улантууда», -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zhakynda-dordoj-bazaryna-zhay-kelgen-avtobustar-eldi-tashyj-bashtajt



Добавить комментарий