Тизме. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 8 көчөнүн кесилишине камера орнотулат

28 февраль 2019 09:39 1563 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабынын алкагында 12-мартка чейин дагы бир катар көчөлөргө камера коюлат. Бул тууралуу мамлекетттик Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин маалымат кызматы Вarometr.kg сайтына кабарлады.

Ага ылайык, камералар Бишкектеги тогуз көчөнүн кесилишине жана Бишкек — Ош, Бишкек — Чалдовар, Бишкек — Торугарт автожолдоруна коюлат.

Бишкектин камера орнотула турган көчөлөрүүн тизмеси:

Алар Бөкөнбаев — Манас,

Чүй — Манас, Чүй — Павлов,

Жибек Жолу — Манас,

Махатма Ганди — Боталиев,

Жибек Жолу — Курманжан датка,

Ахунбаев — Байтик баатыр,

Чүй — Абдрахманов, 

Байтик баатыр — Горький.

Мындан сырткары Шабдан баатыр менен Ибраимов көчөлөрүндөгү көпүрөлөргө да камера коюлат. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-12-martka-chejin-kamera-koyula-turgan-kchlr-anyktaldy



Добавить комментарий