Бишкек шаарында 11 стационар бейтаптарды кабыл алып жатат

20 октябрь 2020 09:49 558 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаада лаборатордук жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган коронавирус менен ооруган бейтаптарды 11 стационар кабыл алууда. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр"  билдирет.  

Коронавирустук инфекциянын учурлары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, борбор калаадакоронавирус жана этиологиясы белгисиз болгон пневмония менен ооруган жарандарды кабыл алуу үчүн, буга чейин жабылган (консервацияланган)  кошумча орундуктар ачылды. Бүгүнкү күндө, Бишкек шаарында 11 стационар бейтаптарды кабыл алып жатат:

Республикалык  клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (РКЖОО) – 100 орун;

 Кыргыз-түрк достук ооруканасы  (КТО) – 70 орун;

 №1 Шаардык клиникалык ооруканасы (№1 ШКО) – 92 орун;

 Улуттук госпиталь (УГ) – 80 орун;

 Улуттук фтизиатрия борбору  (УФБ) – 38 орун;📍Эне жана баланы коргоо улуттук борбору  (ЭжБКУБ) – 30 орун;

 Улуттук онкология жана гематология (УОиГ) – 10 орун;

 Улуттук хирургия борбору (УХБ) – 15 орун,

;Эне жана баланы коргоо улуттук борбору  (ЭжБКУБ) – 30 орун;

 Улуттук кардиология жана терапия борбору (УКжТБ) – 50 орун;

Темир жол ооруканасы (ТЖО ) – 56 орун;

№2 клиникалык төрөт үйү  (КРД№2) – 20.

 Жалпысынан  561 койко-орун даярдалган.

Эскерте кетсек,  Кыргызстандагы коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган  стационарлар тууралуу актуалдуу маалымат ( дареги жана байланыш телефондору, бош орундардын жалпы саны, медкызматкерлердин саны, ИВЛ аппаратынын саны)   map.covid.kg. сайтында жайгашкан.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-11-stacionar-bejtaptardy-kabyl-alyp-zhatat



Добавить комментарий