Бишкекте террорист деп шектелген киши кармалды

3 февраль 2020 16:52 1018 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында Сириядагы эл аралык террористтик уюмдарда ишмердиги боюнча изделип жүргөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны 1981-ж.т. «А.Н.» Бишкек шаарынан кармалды. 

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдын алкагында кармалган адам УКМКнын СИЗосуна киргизилди. 

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynan-terrorist-karmaldy



Добавить комментарий