Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновду бошотуу боюнча ишти карап жатат
Бишкек шаардык соту ошол кездеги Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башчысы Мурат Суталиновду оорусуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө ишти карап жатат.
2010-жылы Суталиновду апрель окуяларында адамдарды массалык өлтүрүүгө катыштыгы бар деп 20 жылга абакка кесишкен. Абакта жаткан учурда анда акыркы стадиядагы рак оорусу бар экенин аныкташкан.
2019-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Суталиновду бошотуу боюнча өтүнүчтү канаттандыруудан баш тарткан.
Азыркы учурда Бишкек шаардык сотунун алдында Суталиновдун тарапташтары аны бошотууну сурап митигге чыгышты.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaardyk-sotu-murat-sutalinovdu-boshotuu-boyuncha-ishti-karap-zhatat
Добавить комментарий ×