Бишкек шаардык мэриясы жер тилкелерин таратып жатат
УКМКнын Корруцияга каршы күрөш кызматы ыкчам иш чараларды жүргүзүү аркылуу Бишкек шаарынын түштүк жагынан жеке жана юридикалык жактарга жер тилкелерин муниципалдык колдонуу укугу менен мыйзамсыз таратылып жаткандыгын аныктады. Бул тууралуу УКМК пресс борборунан билдиришти.
Ордо калаанын түштүк жагындагы аймак Долбоорго ылайык коомдук имараттарды жана курулуштарды тургузуу үчүн пландаштырылган. Формалдуу сатып алуулардын негизинде аталган аймакта мамлекеттик экспертиза Депортаментинин макулдугу жок эле, көп кабаттуу элиталык үйлөрдү куруу иш аракети башталып калган.
Натыйжада базар баасынан арзандатып, ижарага жер тилкелерди берүү менен шаардык бюджет жүз миллион сомдон ашуун чыгымдарга кабылып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaardyk-meriyasy-zher-tilkelerin-taratyp-zhatat
Добавить комментарий ×