Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта айдоочу мас болгон, бир адам каза болуп, үч кыз ооруканда

21 август 2020 16:28 971 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек—Ош жолундагы Арал айылында сүзүшүп, андан кийин күйүп кеткен унаалардын биринин айдоочусу мас болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына таяныр "Барометр" билдирет

Эске салсак, буга чейин 20-август күнү кечинде, Бишкек — Ош унаа жолунун 275-чакырымында Volkswagen Passat жана BMW үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкандан кийин өрт чыккандыгы жөнүндө кабарлаганбыз.

ЖКККБнын маалыматы боюнча, BMW үлгүсүндөгү унааны Токтогул шаарынын 22 жаштагы жашоочусу айдап баратып, рулду башкара албай карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада маңдайда келе жаткан Volkswagen Passat автокөлүгү менен кагышкан.

"Кырсыктын кесепетинен экинчи унаанын айдоочусу, Арал айылынын 53 жаштагы тургуну жергиликтүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай каза болгон. Ал эми биринчи унаанын 22 жаштагы айдоочусу менен жүргүнчү катары бараткан 17 жаштагы үч кыз жергиликтүү ооруканага жаткырылган. Учурда айдоочу менен кыздардын бири хирургия бөлүмүндө, ал эми эки кыз реанимацияда", — деп айтылат маалыматта.

Экспертизанын жыйынтыгында BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас экендиги аныкталган. Тергөө иштери уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholundagy-kyrsykta-ajdoochu-mas-bolgon-bir-adam-kaza-bolup-ch-kyz-oorukanda



Добавить комментарий