Бишкек-Ош жолунда Mercedes-Benz жана бензовоз кагышты, бир адам каза тапты
Бөлүшүү:
Бишкек-Ош жолунда болгон болгон жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Бүгүн болжол менен саат 7.00дө Шамалды-Сай шаарынын аймагында жүк ташуучу Mercedes-Benz менен бензовоз унаасы кагышкан.
“Авариянын кесепетинен беш адам жабыркап, алардын бири ооруканада каза тапты. Калган жабырлануучулар аймактык ооруканага жаткырылды. Авариянын себептери аныкталууда”,-деп кабарлашты ведомстводон.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholunda-mercedes-benz-zhana-benzovoz-kagyshty-bir-adam-kaza-tapty
Добавить комментарий ×