Бишкек-Ош жолунда Mercedes-Benz жана бензовоз кагышты, бир адам каза тапты

30 апреля 2019 11:28 1118 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек-Ош жолунда болгон болгон жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Бүгүн болжол менен саат 7.00дө Шамалды-Сай шаарынын аймагында жүк ташуучу Mercedes-Benz менен бензовоз унаасы кагышкан.

“Авариянын кесепетинен  беш адам жабыркап, алардын бири ооруканада каза тапты. Калган жабырлануучулар аймактык ооруканага жаткырылды. Авариянын себептери аныкталууда”,-деп кабарлашты ведомстводон.     

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholunda-mercedes-benz-zhana-benzovoz-kagyshty-bir-adam-kaza-tapty



Добавить комментарий