Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана айрым райондорго өзгөчө кырдаал киргизилет
Бөлүшүү:
25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби киргизилет. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн токтому менен 22-марттан тарта Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал киргизилип, коронавирус табылган райондорго карантин жарыяланган.
Акыркы маалыматтар боюнча 16 кишиден коронавирус табылган. Алардан бардыгы Сауд Аравиясына кичи ажылыкка барып келгендер.
Добавить комментарий ×