Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен жоголгон экинчи адам Чычкан суусунан табылды
Бөлүшүү:
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен жоголгон экинчи адам Чычкан суусунан табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай
экинчи адамдын жансыз денеси саат 12:00дө суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Буга чейин Хонда Степ маркасындагы автоунаа Чычкан суусуна түшүп кетип, 6 адам ооруканага жеткирилип, экөө издөөдө болчу. Анын бирөөсү унаанын ичинен табылган.
Добавить комментарий ×