Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен жоголгон экинчи адам Чычкан суусунан табылды

27 июня 2018 00:15 2170 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен  жоголгон экинчи адам Чычкан суусунан табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай  

 экинчи адамдын жансыз денеси саат 12:00дө суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин Хонда Степ маркасындагы автоунаа Чычкан суусуна түшүп кетип, 6 адам ооруканага жеткирилип, экөө издөөдө болчу. Анын бирөөсү унаанын ичинен табылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-zhol-kyrsygynyn-kesepetinen-zhogolgon-ekinchi-adam-chychkan-suusunan-tabyldy



Добавить комментарий