Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жатканына байланыштуу чектөөлөр киргизилди

26 октябрь 2022 15:44 1004 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жатканына байланыштуу убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Бишкек - Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 14:00дөн тартып  Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда ошондой эле аталган унаа жолдун Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 12:30дан тарта  оор жүк ташуучу унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Жолдун ачылышы боюнча маалыматты билүү үчүн  жана кырсык катталган учурда "112" байланыш түйүнүнө чалсаңыз болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-kar-zhaap-zhatkanyna-bajlanyshtuu-chektlr-kirgizildi



Добавить комментарий