Бишкек-Ош автоунаа жолунда куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ачылды

24 декабрь 2019 18:51 4523 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бүгүн, 24-декабрь күнү Бишкек-Ош автоунаа жолунун 154-чакырымында (Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл аймагы) жаңы курулуп бүткөн эки кабаттуу куткаруу бөлүгүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу   КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.   Бул куткаруу бөлүктүн эң негизги максаты – стратегиялык маанидеги Бишкек–Ош автоунаа жолунда өзгөчө кырдаал учурунда жабыр тарткан жарандарга авариялык–куткаруу иштерин жүргүзүү болуп саналат. Аталган бөлүмдө министрликтин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 7 куткаруучусу 1 даана Ниссан Пикап үлгүсүндөгү авариялык-куткаруу автоунаасы куткаруу шаймандары менен менен ыкчам нөөмөттө турушат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, министрликтин өздүк курамы, куткаруучулар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты    Курулуш иштерине ӨКМден  6 даана 2 бөлмөлүү мобилдик турак-үй бөлүнүп  орнотулган, жана жалпы 1 448 293 сом каржыланып, курулуш иштери аягына чыгарылды. Бүгүнкү күндө куткаруу бөлүгү толук кандуу иш жүргүзүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-avtounaa-zholunun-154-chakyrymynda-kutkaruu-blgnn-zhay-imaratynyn-achylyshy-boldu



Добавить комментарий