Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда үч унаа кагышып, кырсыктан 5 адам жабыркады

21 декабрь 2018 10:44 943 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда үч унаа кагышып, кырсыктан 5 адам женил жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

"2018-жылдын 20-декабрь күнү саат 08:54тө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 190-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) “ХОВО”, “Хонда-СРВ” жана “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (4 эркек,1 аял) ар кандай жеңил жаракаттарды алган"-деп жазылат маалыматта.

Жабыр тарткандарды куткаруучулар жакынкы ооруканага жеткирүүгө жардам беришкен. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-naryn-torugart-unaa-zholunda-ch-unaa-kagyshyp-kyrsyktan-5-adam-zhabyrkady



Добавить комментарий