Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда үч унаа кагышып, кырсыктан 5 адам жабыркады
Поделиться в:
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда үч унаа кагышып, кырсыктан 5 адам женил жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
"2018-жылдын 20-декабрь күнү саат 08:54тө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 190-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) “ХОВО”, “Хонда-СРВ” жана “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (4 эркек,1 аял) ар кандай жеңил жаракаттарды алган"-деп жазылат маалыматта.
Жабыр тарткандарды куткаруучулар жакынкы ооруканага жеткирүүгө жардам беришкен.
Добавить комментарий ×