Бишкек милициясы өрт коопсуздугун сактоону эскертти
Бөлүшүү:
Бишкектин милициясы жылытуу мезгилинде абайлоону жарандарга эскертүүдө. Бул тууралуу калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, учурда участкалык милициялар жеке сектордун тургундары менен алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.Октябрь районунун аймагында калк жыш жайгашкан бир катар жаңы конуштар бар. Жашоочулар күз-кыш мезгилинде үйлөрүн көмүр, газ, электр плиталары менен жылытышат.
Өрттүн алдын алуу жана иске ууланып калбаш үчүн милиция өрт коопсуздугунун эрежелерин бекем сактоону жарандарга эскертти.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-miliciyasy-rt-koopsuzdugun-saktoonu-eskertti
Добавить комментарий ×