Видео. Бишкек мэрлигине сунушталган Суракматовго каршы акциялар өттү
Бүгүн, 6-августта жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров борбор калаа башчылыгына сунушталган Азиз Суракматовдун шаар башчылыгына жалгыз талапкер болушуна каршы митингге чыкты. Ал «Мэр шайланат! Бекитилбейт! Токтоткула!»,- деп жазып да алган.
Шаар мэриясынын алдында Токтонасыровго чыгып жолуккан эч ким болгон жок.
Буга эле катар, Бишкекте "Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу да өттү. Жыйынга коомдук саясий ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жана активисттер катышты. Анда да бир ууч депутаттар эмес, калаа башчысын эл шайлашы керектиги айтылып, мурункулардын кемчиликтери талкууланды.
Ага утурлай, жарандык активисттер Бишкек шаардык кеӊештин фракцияларынын жана мамлекеттик тил комиссиясынын сөлөкөттөрү түшүрүлгөн каракчыларды көтөрүп чыгып атайын акция уюштурду. Айрымдар бул сөлөкөттөрдү өрттөөнү демилге кылышкан болчу. Бирок акцияны уюштуруучулар сөлөкөттөрдү өрттөөгө чейин жеткен жок.
Активисттер Бишкек шаардык кеңешин мэрди шайлоо учурунда шаардыктардын пикири менен эсептешүүнү талап кылууда.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри 8-августта шайланат. Калаа башчылыгына жалгыз Азиз Суракматовдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-merligine-sunushtalgan-surakmatovgo-karshy-akciyalar-tt
Добавить комментарий ×