Бишкек менен Доха ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду
Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиевдин Доха Муниципалитетинин Директору Жамал Матар Аль-Наими мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жолугушууда, 2014-жылдын декабрында кол коюлган Бишкек жана Доха шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерин орнотуу жөнүндөгү келишимдин алкагында, борбор шаарлардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Бишкек шаарынын учурдагы абалы, соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек менен Доха ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара мамилелерди жандандыруу, анын ичинде эки тараптуу сапарларды уюштуруу жөнүндөгү макулдашуулар сүйлөшүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-menen-doha-ortosundagy-kyzmattashtykty-nktr-boyuncha-sjlshlr-boldu
Добавить комментарий ×