"Бишкек-Кара-Балта" поезд каттамы ишин убактылуу токтотот
Бөлүшүү:
Ушул жуманын бейшемби күнү, 20-июнда жүргүнчүлөрдү ташыган "Бишкек-Кара-Балта" поезди бир күнгө ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы Вarometr.kg сайтына билдирди.
“Кара-Балта-РЗД-141 темир жолу тилкесиндеги оңдоо иштерине байланыштуу №6059/6060 жана №6061/6062 "Бишкек-Кара-Балта" поезди убактылуу токтотулат”,- деп айтылат маалыматта.
Ал эми 21-июндан тартып аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-kara-balta-poezd-kattamy-ishin-ubaktyluu-toktotot
Добавить комментарий ×